www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУнун Башкы Ассамблеясы 2028-жылды Эл аралык укук жылы деп жарыялоо жөнүндө резолюция кабыл алды. Муну менен эл аралык укуктун тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу, көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоодогу жана мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүдөгү ролу андан ары ырасталды.
Резолюцияда эл аралык укукту сыйлоо жана сактоо азыркы эл аралык системанын натыйжалуулугунун, алдын ала болжолдуулугунун жана мыйзамдуулугунун зарыл шарты болуп саналаары баса белгиленет. Мамлекеттерге, БУУ системасынын уюмдарына жана башка кызыкдар тараптарга 2028-жылдын ичинде тиешелүү билим берүү, илимий жана агартуу иш-чараларын өткөрүү сунушталат.
Ошондой эле резолюция талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүгө, эл аралык укуктук кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана юридикалык билим берүүнү өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Эл аралык укукту илгерилетүүгө жаштарды, илимий коомчулукту, юридикалык кесиптин өкүлдөрүн жана жарандык коом институттарын тартууга өзгөчө көңүл бурулат.
Башкы Ассамблея Түркмөнстандын 2028-жылдын декабрында Эл аралык укук боюнча глобалдык форумду өткөрүү сунушун кубаттады. Бул форум эл аралык жылдын борбордук иш-чарасы болуп, мамлекеттердин, БУУ системасынын мекемелеринин, эл аралык уюмдардын, илимий коомчулуктун жана жарандык коомдун башын бириктирет.