www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Коопсуздук кеңеши Газа боюнча жаңы геосаясий архитектуранын эшигин ачты десек болот. Дегенибиз, БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШ сунуштаган Газа боюнча резолюцияны жактырып, Жакынкы Чыгыштагы күчтүү дипломатиялык динамиканын жаңы этабын баштады. Америкалык демилге аймакка араб өлкөлөрүнүн катышуусу менен Эл аралык турукташтыруучу күчтөрдү жайгаштырууну жана убактылуу башкаруу органы катары “Тынчтык кеңешин” түзүүнү камтыйт.

Бул кеңешке АКШ президенти Дональд Трамптын өзү жетекчилик кылары документте көрсөтүлгөн.
Резолюция 13 добуш менен өтүп, Орусия менен Кытай тоскоолдук кылбай “калыс” добуш берүү менен баланс сактады. Натыйжада Вашингтондун позициясы БУУнун деңгээлинде мурда болуп көрбөгөндөй колдоо тапты. Айрым араб мамлекеттери да бул демилгени кубаттап, аймактагы туруктуулукту орнотууда АКШнын ролун белгилешти.

Документ эл аралык контингентке Газа тилкесин демилитаризациялоо, куралдуу топторду куралсыздандыруу жана чек араларды көзөмөлдөө сыяктуу кеңири ыйгарым укуктарды берет. Мындай мандат курал колдонууга да жол ачышы мүмкүн. Израил күчтөрү болсо бийлик эл аралык контингентке өткөндөн кийин аймактан чыгып кетүүгө тийиш.

Ал эми ХАМАС жаңы планга кескин каршы чыгып, бул кадам “бейтарап стабилдештирүү эмес, жаңыланган басып алуу тобокелин” жаратат деп сындады.

АКШ сунуштаган модель палестин мамлекетин түзүү мүмкүнчүлүгүн шарттуу түрдө кароого жол ачып, аймактагы дипломатиялык оюндардын багытын өзгөртүп жатат. Ушул резолюция менен Газа жаңжалын жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк күчтөрдүн жаңы конфигурациясы калыптана баштады.

Последние новости