www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун мурдагы кызматкери, 39 жаштагы Карим Элькорани 13 аялдын зордуктаганы үчүн соттолду.

The Times гезитинин жазганына караганда, бул окуялар Иракта, Египетте жана АКШда 17 жылдан бери болуп келген. Белгилүү болгондой, ал адам Иракта эл аралык өнүгүү тармагында, үч жыл - БУУнун Балдар фондунда жана эки жыл БУУнун байланыш боюнча адиси болуп иштеген.

Иштин материалдарынан көрүнүп тургандай, Элькорани жабырлануучулардын ишенимине кирип, аларга байкатпай баңгизат берип, андан соң зордуктаган. Жалпысынан жабыркаган 13 аял аныкталган. Анын ичинде 2016-жылы Иракта иштеген журналист да бар.

Сот Карим Элькораниди 15 жылга эркинен ажыратты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости