www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас областынын прокуратурасы тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары укук бузуу жөнүндө түзүлгөн бир катар протоколдор боюнча буюм далил катары алынган жалпы саны 301 даана форель балыгын, 17 даана кекилик, 1 даана улар жана 26,31 кг эндик чөбүнүн тамырын мыйзамсыз жок кылышкандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости