www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Манас айылындагы улуттук архитектуралык комплекс жолдун кеңейтилгенине байланыштуу алынып жатат.
Фейсбук колдонуучусу бул жагдайга жоопкерчиликтүү болгон Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылды:
"Акылбек Жапаров Үсөнбекович, жоопкерчилик сиздин колуңузда экен, мыйзамсыз бузуп талкалаганыңарды токтоткула. Бул Манас айылы борбор калаадагы жалгыз улуттук архитектуралык комплекс. Эксперттерден кагаз түрүндө документиңер жок жарактан чыккан деген же жасатып жатасыңарбы кагаз документти күндү чоюп? Бузуу боюнча кагазыңар жок, бузууга укугуңар жок. Биз эл мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз, мыйзамды өзүңөр бузуп жатасыңар.
Дарбаза Кырк чоронун тулга чокусун жайына түздөп-оңдоп коюуңуздарды талап кылабыз. Манастын мунарасын болсо оңдоп-түздөп функцианалдык жагын музей кылып койсо болот. Ошол Манас айылына административдик имараттарды түшүрөбүз десеңер бул Манастын мунарасы биринчи функциясы музей болсо, экинчиси функциясы бир эле жер тилкесинде жайгашкан тогузунчу бөлүмдүн балдарына кароол мунарасы (смотровая башня) болуп калат.
Бул Манас айылынын тең жарымы элдин акчасына курулган жана Улуттук архитектуралык эстелик болуп саналат. Мен жалпы этноархитекторлордун атынан Кырк чоро дарбазасын (тулга) ордуна коюп, Манас атанын мунарасын оңдоп-түздөп коюуңуздарды талап кылам", - дейт ал.
Эске салсак, Манас айылындагы улуттук архитектуралык комплекс "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата курулган.
Булак: NazarNews.kg