www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-августта, Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иштери башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт. 

Маалым болгондой, Миң-Кушта төрт калдык сактоочу жай бар: "Талды-Булак", "Туюк-Суу", "Как" жана "Дальнее".

КМШга кирген мамлекеттердин аймактарындагы уран калдыктарын сактоочу жайлар менен байланышкан проблемаларды чечүү үчүн 2013-жылдан тартып "ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин уран казып алуу өндүрүшүнүн таасирине дуушар болгон аймактарын рекультивациялоо" Мамлекеттер аралык максаттуу программасы ишке ашырылууда.

Бул программанын катышуучулары болуп Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы, Россия Федерациясы жана Тажикстан Республикасы саналат. Коңшу катышуучу өлкөлөрдө бул программанын алкагында милдеттенмелер ийгиликтүү аткарылууда.

Аталган программанын алкагында Россиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча иш алып барууда.

2019-жылы Ысык-Көл областынын Кажы-Сай айылындагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо аяктады, бүгүнкү күндө иштер толугу менен бүткөрүлдү жана участок радиациялык-коопсуз абалга келтирилди.

Бүгүнкү күндө "Как" объектисинде рекультивациялык иштер жүргүзүлдү, калдык сактоочу жай коргоочу катмар менен жабылган жана азыр ага эч кандай коркунуч жок, ал эми "Талды-Булак" "Дальнее" калдык сактоочу жайына көчүрүлүп жатат, бул иш 2023-жылдын күз айларында бүткөрүлөт.

Адистердин маалыматы боюнча, Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы уран калдыктары сакталган жайлардын ылдыйында жер көчкү жайгашкандыктан, учурда эң кооптонууну жаратууда. Эгер ал жылып кетсе, Миң-Куш, Көкөмерен жана Нарын дарыяларына кошулган Туюк-Суу дарыясынын кууш өрөөнүн тосуп калат. Радиоактивдүү заттары бар калдык сактоочу жайдын бузулушу мүмкүн. Бул объектте (Туюк-Суу) жер көчкү жүргөн маалда калдык сактоочу жайды суу каптоо коркунучу менен байланышкан авариялык жана өтө жагымсыз табигый кырдаал түзүлгөн.

Буга чейин ушул жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Миң-Куш айылынын жергиликтүү калкы менен жолугуп, радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу, утилге чыгаруу жана жоюу, ташуу учурундагы коопсуздук боюнча тынчсызданууларын уккан.

Мамлекет башчысы бул объекттеги радиациялык фондун деңгээли аткарылып жаткан иштерде нормадан ашып кетсе, рекультивация токтотуларын белгилеген. Садыр Жапаров уран калдыктарын эвакуациялоо иштери рекультивациялоонун колдонуудагы эрежелеринин жана эл аралык талаптарынын чегинде гана жүргүзүлөрүн баса белгиледи. Ошону менен бирге объекттерде бардык санитардык нормалар жана техникалык коопсуздук эрежелери сөзсүз сакталат.

Жолугушуунун жыйынтыгында Миң-Куш айылынын тургундарынын басымдуу бөлүгү бул объекттерде рекультивация иштеринин башталышына макулдугун билдирген.

Ушуга байланыштуу бүгүн, 1-августта, калдыктарды "Туюк-Суудан" "Дальнее" калдык сактоочу жайына которуу боюнча иштер башталды. Жергиликтүү тургундардын катышуусунда тийиштүү адистер фуранын радиоактивдүүлүгүн өлчөшүп, ал жол берилген радиациялык фондон ашпагандыгын көрсөттү. Андан ашып кетсе, Мамлекет башчы буга чейин тургундар менен жолугушууда айткандай, иштер токтотулат.

Президент Садыр Жапаров видео-байланыш режиминде Миң-Куш айылында жүргүзүлүп жаткан рекультивациялык иштердин башталышын көзөмөлгө алды. Тактап айтканда, ал автотранспорт менен жүк ташууну уюштуруу процессин жана эрежелердин сакталышын карап турду.

Радиациялык коопсуздугун камсыздоо үчүн калдыктарды сактоочу жайларды эвакуациялоо жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын жана пикирлерин эске алуу менен жүргүзүлдү.

Адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү өлкө аймагындагы көптөгөн калдык сактоочу жайлардын терс таасиринен коргоо - мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенине өзгөчө басым жасап, Мамлекет башчысы радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө жана уран калдыктарын ташууда коопсуздукту камсыз кылууну тапшырды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости