www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Сауд Арабиядагы ажылык сапарда төрт тажик зыяратчысы каза болду. Бул тууралуу 1-августта Тажикстандын Дин иштери жана каада-салттарды жөнгө салуу комитетинин өкүлдөрү билдиришти.

Комитеттин маалыматына караганда, бул жарандар "табигый себептерден улам каза болуп, белгиленген тартипте ушул өлкөдө жерге берилген".

Көз жумган зыяратчылар тууралуу кошумча маалымат берилген жок. "Озоди" радиосу каза болгондордун бири Мастчин районунун тургуну Абдулло Шарифов экенин билдирген. Ал 18-июнда Меккеде акка моюн сунуп, сөөгү ошол жерге коюлган. Маалыматка караганда, Шарифовдун жүрөгү кармаган.

Тажикстандын Дин иштери боюнча комитетинин маалыматына ылайык, былтыр умра зыяратында 7 адам каза болгон.

Быйыл Сауд Арабиясы Тажикстанга чоң ажылык сапары үчүн 7 миң квота бөлгөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости