www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл 5 айда пенсия төлөөгө 36,6 млрд сом жумшалды

Быйыл 5-айда Кыргызстанда пенсияны төлөөгө 36 млрд 61 млн 285 миң сарпталды. Бул тууралуу Социалдык фонддон бидиришти.

Былтыркы 5 айга караганда пенсияга 6 млрд 429 млн 639 миң сомго көп акча жумшалган. 2023-жылы январ-май айларында 29 млрд 631 млн 648 миң кеткен.

Расмий маалымат боюнча учурда Кыргызстанда 779 миң пенсионер бар. Быйыл Соцфонд пенсияны эки баскычта – 1-июлда жана 1-октябрда көтөрүүнү көздөп жатат. 1-июлда пенсиясынын базалык бөлүгү 3 миң 170 сомго жетпегендердин акчасы көбөйтүлөт. Ал эми 1-октябрда бардык пенсионердин пенсиясы көтөрүлөт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости