www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл ажылыкка сапар алгандар 23 829 000 доллар коротушат

Бүгүн, 12-июнь күнү «Манас» аэропортунда ажылыкка сапар алгандардын алгачкы тобу аттанып кетишти. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Ажылык-2023 ибадаттык сапарынын алкагында 10 рейс аткарылса, анын 7 рейси Ош аэропортунан жүзөгө ашырылат. Башкача айтканда, 2 миңдей ажы Бишкек шаарынан учса, калганы Ош шаарынан аттанат.

Бүгүн, 12-июнда башталган авиасапарлар 21-июнь күнү Ош эропортунда жыйынтыкталат. Быйылкы жылы кыргызстандык ажыларды Jazeera авиакомпаниясы тейлөөдө.

Сауд Арабия 2023-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6110 квота бөлгөн. Быйылкы ажылыктын наркы 3900 долларды түзгөн.

Квотадан сырткаркы чыгымдарын кошпогондо, ажылыкка аттангандар араб мекенине 23 829 000 доллар таштап келишет.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Последние новости