www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл ажылыктын баасы 4500 доллардан айланат

Быйыл ажылыктын баасы 4500 долларды түзөөрүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, көрсөтүлгөн баа өзгөрүүсү мүмкүн.

Муфтият Сауд Аравиянын (САП) Ажылык жана умра министрлиги квотаны чет өлкөлүктөргө дүйнөдөгү пандемиялык абалга байланыштуу чукул бөлгөндүктөн, САП ажылыкты уюштурууда авиакомпаниялар, САПтагы аваит, жатакана, тамак-аш, автобус жана башка чымдарына тиешелүү бардык келишимдерди түзүүгө 15-майга чейин мөөнөт берилгендигин маалымдайт.

"Дүйнөдөгү пандемиялык абалга байланыштуу Сауд Аравиясы ажылыктагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы кымбаттап кетүүсү мүмкүндүгү бар экендигин эске алуу менен 21-апрелде, 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабы чукул жыйын өткөрүп, болжолдуу калькуляцияны 4500 АКШ доллары деп бекитти.

Көрсөтүлгөн баа авиакомпания тандалып, ажылыкка тиешелүү бардык келимдер түзүлүп, кызмат көрсөтүүлөрдүн так баалары аныкталгандан кийин жогорулашы же төмөндөшү мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.

Муфтияттан кошумчалашкандай, ажылыктагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары аныкталгандан кийин калькулацияда көрсөтүлгөн 4500 доллар төмөндөп кетсе, ажылыкка акчасын төлөгөн талапкерлер айырмасын кайтарып алышат.

Ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары аныкталгандан кийин калькуляция 4500 АКШ долларынан жогорулап кетсе, акчасын төлөгөн талапкерлер кошумча төлөмдөрүн төлөп калышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, быйыл ажылыкка баруучулар үчүн Сауд Аравия 2766 квота бөлдү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости