www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт быйыл Кыргызстанда иштөө үчүн чет элдиктерге 52 миң жумушчу квотасын бөлдү. Бул былтыркыдан 10 миңге көп. Бул чечим жумушсуздукту кыскартуу жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Социалдык камсыздоо, эмгек жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, квотанын басымдуу бөлүгү Кытай, Пакистан жана Бангладештен келген жумушчуларга таандык. Министрлик канча чет элдик кирди, ким кайда иштеп жатат, кандай максат менен келгени базага түшүп көзөмөлдө болорун белгилеген.

Учурда социалдык объекттерди куруудагы жумушчу күчтүн 90% чет элдиктер экени, жергиликтүүлөрдүн көбү чакырылган жумушка келбей жатканы айтылды.

Бирок чет элдик жумушчулар экономикалык муктаждыктан улам квотага аркылуу жумушка тартылган болсо да, жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан маселелер дагы бар. Бул көрүнүш жумушсуздукту кыскартуу, ири курулуштарды ишке ашыруу жана миграцияны көзөмөлдөө менен байланыштуу комплекстүү маселе катары каралууда.

Последние новости