www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл 1-апрелден тартып министрлер кабинетинин эки токтому менен маданият, маалымат жана спорт тармагында эмгектенген кызматкерлердин айлык маянасы көтөрүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымында, жалпы министрликтин карамагындагы 456 мекеменин, тактап айтканда, 19 миң 425 кызматкердин айлыгы 50%дан 100%га чейин көтөрүлдү. Мындан тышкары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын маданият мекемелеринде иштеген кызматкерлердин дагы айлыгы көтөрүлдү.

“Бул токтомдордун негизинде бюджеттен кошумча 2 млрд 100 млн сом талап кылынды. Анын ичинен 1 млрд 176 млн сом республикалык бюджеттен каржылануучу маданий мекемелер үчүн, 422 млн 279 миң сом маданият тармагында билим берүү мекемелери үчүн жана 400 млн 871 миң сом жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан каржылануучу маданий мекемелер үчүн бөлүндү”, - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, экинчи токтом менен ЭлТР, “Мир” телеканалдары, “Кабар” агенттиги, Кыргызтест мамлекеттик ишканасы, "Манас" театры жана Ч.Айтматов улуттук академиясы мамлекеттик мекемесинин, ошондой эле Улуттук маданий борборунун Китеп палатасынын кызматкерлеринин эмгек акысы 50%га жогорулады.

“Бул токтом үчүн бюджеттен кошумча 102 млн 223 миң сом талап кылынды”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости