www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Башкы ассамблеясы Кыргызстан демилгелеген Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешменин жыйынтыктоочу документин өзүнүн расмий документи деп жарыялады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

Анда айтылгандай, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ушул жылдын 19-сентябрында Нью-Йорк шаарында Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешме болуп өткөн.

"Бул иш-чара — эң маанилүү окуялардын бири. Кеңешменин жыйынтыгы менен Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобуна кирген мамлекеттер билдирүү кабыл алышты. Кыргызстандын өтүнүчү менен БУУнун Башкы ассамблеясы Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешменин жыйынтыктоочу документин өзүнүн расмий документи деп жарыялады", — деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости