www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖМК тууралуу жаңы мыйзам долбоору коом менен кеңешип кабыл алынса басма сөздү чектөөгө, сөз эркиндигин кысууга жол берилбейт деген ойдомун. Мындай пикири менен Кыргызстан Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде бөлүштү.

--"Маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзамда редакциялык жааматтын укук-милдеттери, өз алдынчалуулугу тууралуу ачык, так айтылбай калган. Бул мыйзамда ЖМКнын ээсинин гана укугу үстөмдүк кылып калгандай. Бирок, муну трагедия кылбаш керек. Алдыда дагы бир топ убакыт бар. Азырынча бул мыйзам Жогорку Кеңешке жете элек, министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга чыгарылып, учурда ар-түрдүү пикирлер айтылып жатат. Мыйзамдын демилгечилери аларды эске алып, кеңири талкуулап мыйзам долбоорун жакшыртыш керек.

Журналисттердин коомчулугу, ар кандай медиа эксперттер да талкууга активдүү катышып, өздөрүнүн иштиктүү сунуштарын бергенге мүмүкүнчүлүктөрү бар деп ойлойм. Бирок, айрым эксперттер катуу сынга алып, артка чакыртып алыш керек деп жатышат. Коом менен кеңешип кабыл алынса басма сөздү чектөө, сөз эркиндигин кысууга жол берилбейт деген ойдомун. 

Жаңы мыйзам долбоорундагы ЖМКларды кайра каттоодон өткөрүү сунушунан анчалык чочулоонун кереги жок. Юстиция министрлиги кайсы бир маалымат каражатын каттоодон өткөрбөй коюусу, бул өтө татаал процесс. Бардык мыйзам талаптарын аткарып, иштеп жаткан маалымат каражатын каттоодон өткөрбөй коюу коомдо өтө чоң талкууну жаратышы мүмкүн. Аталган министрликте мыйзамды билген адамдар отурат менимче.

Ал эми, өткөн аптада уюштурулган кээ бир митингдер мыйзам чегинен такыр эле чыгып кеткен – «Азаттык», «Клооп» жана «Кактусту» жаап салыш керек деген чакырыктар акылга сыйбайт, алардын кайсы бир айтканы же жазганы ката болсо, аны ачык талкуулап, маселени мыйзам чегинде чечиш керек. Демократиялык коомдо маселенин чечүүнүн жолу мына ушул. Ал эми, жабылсын, чара көрөбүз жана башка коркутуулар сыяктуу көз караштар айтылса, алар мыйзам талабына ылайык келбейт. 

Кеп айрым ЖМКлардын сырттан каржыланып жатканында эмес, кеп алардын берүүлөрүнүн мазмунунда, фактыларынын чындыгында. Алар коомчулукка маалымат жеткирүүдө өздөрүнүн иштерин мыйзам чегинде гана аткарып жатышат", - деп билдирди Абдыкадыр Султанбаев.

Маекти толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар: 

Эскерте кетсек, Президенттин администрациясы жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) тууралуу жаңы мыйзам долбоорун сунуштады.

Бийлик 1992-жылкы мыйзам эскирди деп эсептейт.

Мыйзам долбоорундагы маанилүү жагдайлар:

Интернетке укуктук жөнгө салуу киргизилет;

Маалымат тараткан ар бир адамга, анын ичинде блогерлерге ЖМК макамы берилет;

ЖМК ээсинин институту түшүгүнү калыптанып, журналистика ишкердик эмес, коомдук милдетти аткаруу болуп эсептелет. Демек, ЖМК кожоюнунун редакциялык саясатка кийлигишүүсү мыйзам чегинде чектелиши керек;

Чет элдик жарандар ЖМКнын негиздөөчүсү боло албайт;

2023-жылдын 1-июнуна чейин ЖМКларды кайра каттоодон өткөрүү сунушталууда, андан өтпөй калгандар жоюлган деп эсептелет.

Долбоор тууралуу толук маалыматты өкмөттүн сайтына жарыяланган документтен окуй аласыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости