www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайыр Касмалиева сахна менен коштошту

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына 32 жылдык өмүрүн арнаган кайталангыс талант Шайыр Касмалиева сахна менен коштошуу кечесин өткөрдү. Бул тууралуу аталган театрдан маалымдашты.

Шайыр Зарлыковна 1985-1989-жылдары Москвадагы М.С.Щепкин атындагы театралдык окуу жайда билим алган. 1990-жылы Улуттук театрдын босогосун аттап кирип, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келген.

Актриса чыгармачылык жолунда ондогон кайталангыс образдарды жаратып, академиялык театрдын репертуарындагы спектаклдердин көркүн ачып келген.

"17-октябрда өткөн коштошуу кечесине театрдын жамааты катышып, актрисанын кыргыз театр сахнасына берейин деген көрөңгөсү али көп экенин айтышып, актрисанын чечимине ичтери тызылдаганын жашырышкан жок. Алар актрисанын мындан аркы чыгармачылыгына даңгыр жол каалашты", - деп айтылат театрдын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө

Булак: NazarNews.kg

Последние новости