www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын президенти АКШны эмне үчүн айыптады?

Кечээ, 17-октябрда Ирандын президенти Ибрахим Раиси Омандын султаны Хайтам бин Тарек Аль Саид менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, АКШ Ислам Республикасындагы кырдаалдын курчушуна жана башаламандыкка колдоо көрсөтүп жатканын билдирди. Бул тууралуу Ирандын Tasnim маалымат агенттиги билдирди.

«Америка өзүнүн санкциялары иран элин токтотот деп жаңылыш ойлогон, бирок Иран эли санкциялардын алдында токтобостон, өсүп-өнүгүүнү улантып жатканын көрүп, Иран Ислам Республикасына каршы көтөрүлүштү», - дейт Раиси.

Президент иран эли АКШнын душмандык аракеттерине кайдыгер карабастыгын убада кылды.

Оман Султанаты менен эки тараптуу мамилелерге токтолуп, ал эки өлкөнүн ортосундагы саясий аренада ишенимдин жана кызматташтыктын эң жогорку деңгээлин белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында америкалык лидер Джо Байден Тегерандагы Эвин түрмөсүндөгү өрттү комментарийлеп жатып, Иран жетекчилигин «репрессивдүү» деп атаган. Ал ошондой эле Иран өкмөтүнөн өз жарандарына каршы зомбулукту токтотууну талап кылды. Ошол эле учурда Байден көчөгө нааразылык акциясына чыккан адамдарды терең урматтай турганын баса белгиледи.

15-октябрда Ирандын борборундагы Эвин түрмөсүнүн аймагында абактагылардын ортосунда жаңжал чыгып, өрт чыккан. Төрт адам каза болуп, 60тан ашуун адам жаракат алган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, массалык башаламандыктар тууралуу маалымат түшкөн эмес, түрмөнүн башка имаратында камалган саясий туткундардын эч кимиси жабыркаган эмес. Алар ошондой эле окуянын өлкөдөгү соңку башаламандыктарга эч кандай тиешеси жок экенин баса белгилешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости