www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2022-жылы 39 миллиард 528,2 миллион сом жумшоо пландалып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн бекитилген бюджетинде айтылат.
Көрсөтүлгөн сумманын 26 миллиард 681,5 миллиону тышкы карыздан кутулууга, калганы ички бересеге сарпталат.
2005-жылдан баштап көрсөтүлгөн ачык маалыматтарга караганда, бул жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө рекорддук сумма жумшалганы турат.
Эске салсак, 2020-жылы мамлекеттик карыздан кутулууга 30,7 миллиард сом сарпталган. Ал эми былтыр бул максатка 37,3 миллиард сом жумшоо пландалып, бирок кийин айрым карыздар боюнча кутулуу мөөнөтү узартылган. Жыйынтыгында ноябрь айында төлөнгөн каражаттын көлөмү 28,2 миллиард сомду түзгөн.
2021-жылдын октябрь айындагы маалымат боюнча, мамлекеттик карыз 4,9 миллиард доллар болчу. Анын ичинен 720 миллиону ички карызга туура келет.
Булак: NazarNews.kg