www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Нарынга асма көпүрө, жаңы автобекет салуу пландалууда

Нарын шаарынын социалдык-экономикалык абалын, инфратүзүмүн жакшыртуу максатында облус башчысы Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен "Нарын — реновация" аталышындагы креативдүү долбоор иштелип чыкты.

Аймактык кабарчынын айтымында, мунун алкагында 10 долбоор ишке ашырылмакчы.

"Анын алкагында Нарын дарыясынын эки тарабын бириктирип тургандай авто көпүрө курулат. Мындан тышкары, шаарга наркы 60 миллион сом болгон жаңы автобекет салуу каралууда. Анын ичине балдар эс ала тургандай жай салынып, ипотекалык турак жайлар, панорамалык аттракцион да курулмакчы," — деди аймактык кабарчы.

"Нарын — реновация" долбоорунун ичинде Нарын дарыясына айнек асма көпүрө, Инновациялык креативдүү демилгелер борборун куруу да бар. Учурда каржы булактарын табуу иштери жүрүп жатканы жана иштер быйыл башталары белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости