www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-2025-жылга университеттер чет элдик абитуриенттерди ноябрга чейин кабыл алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулу билдирди.

Анын айтымында, чет элдик студенттер августь айында сынактарды тапшыруу үчүн келишет.

«Биз алардын окуу жыл аягындагы сынактарын майдан августка жылдырганбыз», — дейт ал.

Расул Авазбек уулу чет элдик абитуриенттер үчүн дагы ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

«Алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, ноябрга чейин кабыл алуу уюштуруп жатабыз. Азырынча канча студент келерин айта албайбыз. Бирок  пакистандык кесиптештерибиз Кыргызстандын окуу жайлары менен кызматташтыкты улантаарын айтышууда», — деди министрдин орун басары.

 

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости