www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл Ысык-Көлгө 2 млн 700 миңден ашык балык чабактары коё берилди. Бул тууралуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мында форель жана сига-лудога балык чабактары коё берилген.
"Учурда балыктандыруу иш-чаралары жүрүп жатат. Ысык-Көлдөн тышкары, Соң-Көлгө 4 миллиондон ашык балык чабактары коё берилди. Ошондой эле 2 миллионго жакын чабактар Орто-Токой суу сактагычына коё берилген. Жыл сайын кыш мезгилинде Ысык-Көл форели, сига-лудога балык чабактарын коё берсек, жаз, жай убактарында карп жана сазан балыктарынын чабактарын коё беребиз", - деди ал.
Белгилей кетсек, 2025-жылы көлдөргө жалпы 29 миллиондон ашык балык чабактары коё берилсе, быйыл бул көрсөткүчтү 30 миллиондон ашыруу планы коюлган.