www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылы Кыргызстанда соттор тарабынан 174 адам жаза өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) маалымдады.

Маалыматта жаза өтөө учурунда жүрүш-турушу оңолгон, кылмышы менен келтирилген зыяндын жарымынан ашыгынын ордун толтурган, алкоголизм, баңгилик, психотроптук же уулуу заттардан көз карандылыктан дарылангандар жазанын белгилүү бир мөөнөтүн иш жүзүндө өтөгөндөн кийин сот тарабынан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулары жазылган.

ЖАКтын басма сөз кызматы кабарлагандай, чечим жасалган кылмыштын оордугуна жараша кабыл алынат.

"Жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу балага сексуалдык жана башка зордук-зомбулук жасагандар, адам өмүрүнө жана ден соолугуна каршы, аскердик кылмыш кылгандар, уюшкан топтун же кылмыштуу жамааттын курамында кылмыш жасагандар; терроризм- экстремизмге айыпталгандар, коомдук коопсуздукка, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмышка айыпталып, соттолгондор үчүн колдонулбайт", - деп жазылган анда.

Расмий маалыматка ылайык, 2018-жылдан 2023-жылга чейин Кыргызстанда абактарда жазасын өтөп жаткан 3 353 адам мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган. Анын ичинен акыркы үч жылда: 2021-жылы 662, 2022-жылы 418, 2023-жылы 180 киши ушундай шартта эркиндикке чыккан.

Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) маалыматында, Кыргызстанда соттолгондордун жалпы саны 7402 адам, алардын 6495и абакта отурат. ЖАКтын карамагында жалпы 26 мекеме бар.

Алардын ичинде 10 жатак абак, алты тергөө изолятору, 10 түрмө бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости