www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Монтана штатынын сенатору Стив Дэйнс маалымат жыйында 2023-жылы өлкөнүн чек арасын Борбор Азиядан барган 50 миңден ашык адам мыйзамсыз өткөнүн билдирди. Бул тууралуу «Daily Mail» басылмасы жазды.

Анын айтымында, мигранттардын агымы бийликти ойлондурууда. Алар келгиндер террордук коркунуч жаратышы мүмкүн деп эсептешет. Коммерциялык эмес уюм, Транзакцияларды каттоо борборунун берген маалыматы боюнча, АКШда баш калкалоо өтүнүчү менен 40 миңге чукул борбор азиялык адам кайрылган.

Алардын ичинен:

17 миң өзбекстандык;

7 миң кыргызстандык;

3 миң тажикстандык;

2,7 миң казакстандык жана Түркмөнстандын 2 миң жараны кайрылган.

АКШдагы чек ара миграциясы көйгөйүнөн улам Стив Дэйнс президент Жо Байденге кайрылып, чара көрүүнү талап кылды.

«Daily Mail» басылмасы берген расмий маалымат боюнча, Жо Байден бийликке келген 2021-жылдан бери АКШга 7,3 млн адам мыйзамсыз кирген. 2023-жылдын декабрында өлкөгө бир ай ичинде рекорддук көрсөткүч — 302 миң адам кирген. Алардын 19у издөөдө жүргөн террористтер болгону айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости