www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтын жана балатыны жаңы жылдык жасалгалоого 5 миллион 600 миң сомдон ашык каражат жумшалат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул сумма 25 метрлик балатыны жасалгалоого, андан тышкары, «Ала-Тоо» аянтынын айланасында кооздоого жумшалат. Арка фасаддары светодиоддук торлор менен кооздолуп, жасалгаланган сейилдөө аллеялары түзүлүп, аянттагы объектилер гирляндаларга оролуп, көчө бойлой бактарга чоң оюнчуктар илинет.

Эске салсак, буга чейин «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы мамлекеттик сатып алуулар порталына 5 миллион 687 миң 500 сомго тендер жарыялаган. Тендерди «Аманат Транс» ЖЧКсы жеңип алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости