www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан июль айынын башынан 17-августка чейин ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 28,5 миң тонна өрүк экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Быйыл  2019-жылга салыштырмалуу 9,2 миң тоннага көбүрөөк экени айтылды.

"Россияга — 23 миң тонна, Казакстанга — 4,5 миң тонна, Беларуска — 1 миң тонна өрүк жөнөтүлдү", — деп айтылат бидирүүдө.

Август айынын аягына чейин дагы 7 миң тонна өрүк экспорттоо пландалып жатат.

Министрликтен билдиришкендей, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен айыл чарба продукцияларын тоскоолдуксуз экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргөндүктөн, ишкерлердин товарын ташууда кыйынчылык болгон эмес.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости