www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө каза болгондордун саны өткөн жылга салыштырмалуу 5 миң 500 адамга көп катталды. Мындай маалымат Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан белгилүү болду.

Аталган мекеменин 2020-жылдын 11 айындагы статистикасына ылайык, республика боюнча 143 миң 401 наристеге төрөлгөндүгү тууралуу, 34 миң 905 жупка нике тууралуу күбөлүк, 35 миң 740 жарандын каза болгондугун тастыктаган кагаз берилди.

Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн аралыкта 8 миң 78 үй-бүлө расмий түрдө ажырашса, 674 баланы багып алуу расмийлештирилсе, аталыгын аныктоо боюнча жарандар тарабынан 17 миң 584 арыз катталган. Ошондой эле 16 миң 938 жаран аты-жөнүн алмаштырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости