www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Кыргызстанга кирген түз инвестициялар азайды

Өткөн жылдын тогуз айында түз инвестициялардын Кыргызстанга кириши 30,9 пайызга төмөндөп, суммасы 398,35 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Анализге ылайык, өлкөгө тартылган түз инвестицияларга караганда сыртка агылган каражаттын көлөмү 320,7 миллион долларга көбөйүп, жалпы суммасы 719,08 миллион долларга жеткен. Инвестициянын тышка агылышына пандемия жана парламенттик шайлоо себеп болушу мүмкүндүгү жазылган.

Салыштыруу үчүн айта турган болсок, 2019-жылы дал ушул мезгилде (январь-сентябрь) түз инвестициялардын өлкөгө кириши 1, 077 миллиард долларга чыккан. Мында 2019-жылга салыштырмалуу 26,4 пайызга өскөнү байкалган. Ошондой эле сыртка агылган каражаттын көлөмүнөн 403,87 миллион долларга көп болгон.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости