www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев небереси Айсултан Назарбаевдин өлүмү жөнүндө «Хабар» телеканалындагы «Штрихи к портрету» аттуу даректүү тасмасынын эфиринде айтты. Бул тууралуу  KyrgyzToday.kg жазды.

«Сара Алпысовна экөөбүз 1962-жылы үйлөнгөнбүз. Дарига менен Динара Темиртау шаарында төрөлгөн, ал эми Алия Алматыда туулган. Үч кыздан сонун неберелерим бар – тилекке каршы, мага абдан окшош болгон бир неберебизден айрылдык», – деди Назарбаев.

«Мен бул неберемдин ушунчалык эрте кеткенине аябай өкүнөм. Аны эч жакка жибербей деле койсок болмок болчу, бирок аны кармап калуу мүмкүн эмес болчу. Ал бул иштин (баңгиликтин) кулу болуп калган, өзүн токтото алган эмес. Биз аны Москвада дарыладык, Лондондо дарыладык», – деп кошумчалады Назарбаев.

Ошондой эле, ал чөбөрөлөрү менен болгон мамилеси жөнүндө айтып берди. «Алиянын Алдияр деген уулу бар, мен аны аябай жакшы көрөм. Алдиярдын карындашы да төрөлдү. Азыр Дариганын кызы Венера кыз төрөдү. Бул менин чөбөрөм. Мен келгенде Алдияр мойнумдан кучактайт, «эмне алып келдиң» деп сурабайт. Мен анын шоколадды жакшы көрөрүн билем, мен ага бул жакты (чөнтөгүн көрсөтүп – ред.) кара дейм. Ушундай учурларда сен баарын унутасың», – дейт тунгуч президент.

Белгилей кетсек, Айсултан Назарбаев Лондондо 2020-жылы 16-августта көз жумган. Ал 26-августта 30 жашка толмок. Кийинчерээк Дарига Назарбаева уулунун өлүмү боюнча комментарий берип, Айсултандын агасы Нурали Алиев сейрек кездешкен үй-бүлөлүк сүрөттөрдү бөлүшүп, жүрөк козгоорлук видеотасманы жарыялаган.

Ал 2019-жылы октябрда Лондондо полицияга кол салган деген айып менен шарттуу кесилген. Буга анын баңгизат чегип алган абалында полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы себеп болгону айтылган.

Натыйжада Назарбаевдин небереси 140 сааттык коомдук жумушка чегерилип, баңгизат көз карандылыгынан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости