www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден:

Американын жаңы шайланган президенти, демократ ДЖо Байден азыркы президент Доналд Трамп өз кызматын аткарууга жөндөмсүз болуп калганын жарыя кылды. Бирок Байдендин оюнча, Трампка карата АКШ Конгресси экинчи жолу импичмент аракетин баштаар-баштабастыгы жалпы конгрессмендердин чечимине байланыштуу. Бир эле президентке эки жолу импичмент жарыялоо аракети буга чейин АКШ тарыхында болуп көргөн эмес.

Ал эми маалымат булактарына таянсак, 8-январда Демократиялык партиянын курултайына чогулган демократ мыйзамчылар Трампка “козголоңго шыкакчы болду” деген доо боюнча импичмент жарыялоо үчүн тийешелүү мыйзамдык чаралардын долбоорун түзүштү.

“NBC News” каналынын жарыялаган шилтемесине караганда, бул долбоордо президент Трамп Капитолийдеги 6-январдагы “мыйзамсыз жоруктардын келип чыгышына түрткөн билдирүүлөрдү атайылап жасаган”, деген доо да камтылган. Бул тополоңдун айынан 5 киши өмүрүнөн ажырады.

8-январда маалымат жыйынында Байден кабарчыларга: “Мен президент Трамп бул кызматты аркалоого жөндөмсүз экенин абдан эле узак мезгил бою ойлонуп келдим”, – деп сүйлөдү.

Байдендин айтымында, өзү президенттик кызматты өткөрүп алып жатканда үч нерсеге өзгөчө сарсанаа болуп турат: коронавирус пандемиясына каршы иштиктүү күрөшүү, америкалыктарга COVID илдетине каршы вакциналарды өтө тездикте үлөштүрүүнү камсыздоо жана Кошмо Штаттардагы экономикалык өсүштү ыкчам жолго салуу.

Ал эми журналисттердин АКШ Конгрессиндеги демократтар Трампка каршы экинчи жолу импичмент аракеттерин 11-январдан тартып расмий баштоо тууралуу ойлонуштуруп жатышкандыгына карата туруму тууралуу суроосуна Байден мырза мындайча жооп узатты: “Бул – Конгресстин өзү жасай турган чечим. Мен болсом көңүлүмдүн чордонунда өзүмө тийешелүү жумушту кармап келем",-дейт ал. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости