www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Темирбек мырза, «ханституцияга, референдумга каршыбыз» деген митингчилер чындап эле президенттик башкарууга каршы чыгып жатышабы?

- Эгерде ошончолук эле жаңы Конституцияга каршы болушса, анда шайлоого катышуудан баш тартышып, саясий принципке бекем турушса болмок. Өздөрү азыркы саясий эрежеге макул болуп, президенттик шайлоого аттанышты.

Эми аттанышкандан кийин аягына чейин турушу керек эле. Тилекке каршы, президенттикке аттанган азаматтар ачык утулуп жаткандарын сезишип, саясий шантажга өтүп, элди ич ара тирешүүлөргө түртүп жатышат. Бул туура эмес.

- Неге айрым талапкерлер шайлоого аз күн калганда бириге башташты? Булар абалды курчутууну көздөп жатабы же Садыр Жапаровду каралоо менен ийгиликке жетүүнү болжоп жатышабы?

- Учурда Садыр Жапаровдун саясий рейтинги коом арасында өтө жогору, мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү да толук кандуу колдоого алышууда. Амалдуу, тажрыйбасы күчтүү оппоненттер баарын түшүнүп, ич ара саясий баалуулуктары, идеологиялары келишпесе да аргасыздан биригишип, Садыр Жапаровго тоскоолдук жаратуунун аракетине өтүштү.

- Көпчүлүк талапкерлер эл менен жолугууда өз программасын айтпастан, көп убактыларын «ал бийликке келсе эл күткөндөй иштебейт, «Жетим-Тоону» кытайларга сатат» деген маалыматтарды айтуу менен чектелип жатышат...

- Негизи эле президенттик шайлоого аттанган кандидаттар туура эмес үгүттөө иштерин баштап алышты. Жалпы элдин көпчүлүгү, өзгөчө шаардыктар, мамлекетте чогулган социалдык экономикалык маселелерди чечүү багытында сунуштарды күтүп жатышкан.

Бирок, атаандаштардын көпчүлүгү андай комплекстүү программа сунуштабай, Садыр Жапаровду түздөн-түз каралоо тактикасына ачык өтүшүп, иш жүзүндө аткарыла элек экономикалык багытта жүгүрткөн жеке сунуштарына алаксышып, өздөрүн президент болсо ишке ашыра турган программаларын элге жеткире алышпады. Чынында бири-бирин каралоо, сындоо саясатынан элдин көпчүлүгү иренжип, чарчап бүттү. Тескерисинче, Садырдын аларга теңелбей, саясий сабырдуулук көрсөткөнү электоратынын санын көбөйтүп жатат.

- Айрым талапкерлер «Садыр Жапаров президент болуп калса, мурдагы иштерибиз үчүн жоопкерчиликке тартылып калабыз» деп кооптонуп жатышкандай...

- Ачык саясий тирешүүлөрдү баштоонун аракеттеринин себеби түшүнүктүү эле болуп турат. Эгер биригип, күчтүү оппозициялык кыймыл аракеттерине элдин көңүлүн бура алышпаса, шайлоодон кийин саясий мүмкүнчүлүктөрү төмөндөп кетерин түшүнүп турушат. Сиз туура айттыңыз, мурдагы бийлик менен иштеп, саясий кылмыштуулукка, коррупцияга аралашкан адамдар жазага тартылышы да мүмкүн...

Булак: «Азия News» гезити

Последние новости