www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттерди кетирип, бизге президеттик башкаруу керек дегенибиз логикага жатпайт. Мындай пикирди эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.
--“Президенттерди кетирип, бизге президеттик башкаруу керек дегенибиз логикага жатпайт. Биз парламенттик системаны жакшы өздөштүрө алган жокбуз. Себеби, президент эле башкарып жатты десек болот. Азыр дагы президенттик башкарууну колдоп жатабыз. Бизге парлменттик система болгону оң.
Мисалы, Монголияда парламентаризм аябай жакшы иштеп жатат. Алар башка мамлекеттер менен тыгыз мамиледе болуп, аларды дүйнө колдоп турат десем болот. Өлкөнү өнүктүрүүдө башка мамлекеттер менен жакшы мамиле куруу керек. Ошондо чоң иштер ишке ашат. Инвестиция тартууда алар кыйналбайт. Себеби, өлкөдө тартип бар, ишенимдүү болот. Биз Монголядан үлгү алышыбыз керек.
Тилекке каршы айрымдар бир адамдын же бир топтун тенденциясын, кызыкчылыгын колдоп жатышат. Кыргызстан байыртадан эле көчмөн эл болгондуктан, ар бир маселени кеңешип чечип келишкен. Мурдагы курултай азыркы парламент. Мыйзамдарды талкуулап, бир бүтүмгө келип чечишет. Ошондуктан бизге бир адамдын башкаруусу эмес, көп адамдын кеңешип, чечим кабыл алышы маанилүү. Бул эркиндикти сүйгөн эл экенибизди айгинелейт. Кыргыз эли табиятыбыздан эркиндикти сүйгөн элбиз. Андыктан ушул стемада калганыбыз ыңгайлуу.
Ал эми Кыргызстан тышкы саясаттан аксап жатат. Себеби дүйнөдө ааламдашуу болуп, күн сайын чоң өзгөрүүлөр, жаңы ачылыштар болуп жатканы баарыбызга маалым. Андыктан Кыргызстандын бул тармагына кыйын кадрлар керек болчу. Тышкы иштерди жүргүзүү абдан оор. Тышкы саясат менен иштеген топ стратегиялык түшүнүктөрү кеңири болуп, ошонун негизинде мыкты иштешиши зарыл. Ар бир күнү өзгөрүү болуп турат, ошонун баарын карап, ыкчам анализ жүргүзүшү абзел.
Мисалы, Япониянын тышкы иштер министрлиги 24 саат иштейт. Себеби дүйнөдө күнүгө жанылык, өзгөрүү кирип турат. Кыргызстанда тышкы саясатты жүргузүүдө Чыңгыз Айдарбеков күчтүү адис экени байкалды. Бирок команда алсыз болсо ишти мамлекеттик денгээлде жылдыруу кыйын. Дүйнөлүк деңгээлде Улуттук кызыкчыгылыктар корголуш керек болот. Менин анализим боюнча жакынкы жылдарда биздин өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоп, колдогон адам болгон жок.
Ал эми Кыргызстан АКШ, Россия, Кытай сыяктуу чоң мамлекеттердин курмандыгы болуп калбайбы деген суроолор коркунуч жаратпайт.
Экономикасы алдыга кеткен, өнүккөн мамлекеттердин ортосундагы тирешүү саясий мамилеси жакшы же Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө залакасы тийбейт. Мындай тирешүү боло берет. Андыктан ааламадашуу мезгилинде алардын жакшы жактарынан үлгү алып алдыга умтулганыбыз оң. Бирок айрым адамдар чон оюндун курмандыгы болуп жатканадай ойлоп жатышат. Ошондуктан жакшы ниет койсок болот. Мисалы, Япония экинчи дүйнөлүк согуштан утулганда Американы Япония болуш үчүн колдонобуз дешкен. Мына алар АКШнын жакшы жактарын алып, өнүктү десек болот. Кыйын коом болуш үчүн кайсы мамлекет болбосун жакшы сапаттарды колдонуу зарыл.
Мисал келтирсем, Америкадан эркиндикти, адам уктуктарын коргоону, укуктун теңчилдигин алсак болот. Ал эми Кытайдан технолгоясын, акчасын алып колдонсок болот. Себеби, Кытай дүйнөлүк инвестор катары дүйнөгө жайылган өлкө болуп саналат. Россиядан болсо окуу тармагын, илим -билимин алсак болот. Андыктан жакшы жактарын сиңирип, өздөштүрүп кетүү керек.
Ошондой эле кошумчалай кетчү жагдай депутаттар өздөрүнүн мөөнөтүн өздөрү узатртып алды. Убактылуу өкмөткө эч ким ишенбейт жана эч ким долбоорлорду ишке ашырууга келбейт.
Бизде Ички дүң продукциянын негизги көлөмүн алтындын эскпорттолуусу жана мигранттардан которулган акча түзөт. Кыргызстанда жакшы мүмкүнчулүк бар, ал-туризм систесы. Аны өнүктүрүүгө даярдашыбыз керек. Экинчиси-эко продукция. Мында дагы өнүгүүгө жол бар. Ушул секторлдорду колго алып, ишке ашырсак, экономика алдыга жылат”,-дейтЧынар Эсенгул.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg