www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министр Руслан .Казакбаев Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасында башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн Бишкекке келген ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын байкоочу миссиясынын мүчөлөрү менен жолугушту.

Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын негизги иш-чарасына кызыкдарлыгы жана катышууга ынтызар болгондору үчүн эл аралык байкоочуларга ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы шайлоонун жана референдумдун жыйынтыктары боюнча эл аралык байкоочулар тарабынан ар тараптуу жана объективдүү баа болоруна ишене турганын билдирди.

Министр 2005, 2010 жана 2020-жылдардагы окуялар Кыргызстандын эли өз оюн эркин билдирүүнү баалаган демократиялык мамлекет болуп санала турганын күбөлөгөндүгүн баса белгилөө менен, өлкөнүн жетекчилиги тарабынан таза демократиялык шайлоо өткөрүү үчүн бардык күч-аракеттер көрүлүп жатканын, атап айтканда жыйынтыктар бурмаланбай тургандыгын билдирди. Кыргызстандын эли  бийликтин бирден-бир булагы, ал өлкө кандай жол менен кетээрин жана аны ким башкара тургандыгын чечет.

Р.Казакбаев Кыргыз Республикасы инновациялык технологияларды пайдалануу менен шайлоо процессинин моделин ийгиликтүү ишке ашырган Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн бири экенин белгиледи. Республикада шайлоочулардын добуш берүү жана добуштарды ачык-айкын саноо системалары өркүндөтүлүп келет.

Кыргыз Республикасы демократиялык шайлоо жана жарандардын өз оюн эркин билдирүүнү камсыз кылуу принциптерин дайыма карманып келгенин жана мындан ары да кармана турганын баса белгиледи.

Р.Казакбаев өлкө жетекчилиги укуктук туруктуулукту жана улуттук ынтымакты орнотууга так багыт алганын белгилөө менен, алдыдагы өтө турган шайлоо демократиялык өлкө катары Кыргызстандын эл аралык имиджин бекемдөөдө маанилүү салым кошорун билдирди.

Өз кезегинде  ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын миссиясынын координатору – Тажикстан Республикасынын Маджлиси намояндагон Маджлиси Олисинин Укук тартиби, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин Төрагасы Рустам Шохмурод эл аралык байкоочулардын Кыргыз Республикасынын Президентине  талапкерлер менен жолугушуусу, добуш берүүнүн ар кандай этаптарында шайлоо участкаларына баруусу пландаштырып жаткандыгын маалымдады.

Ошондой эле ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын эл аралык байкоочулары ЖККУга мүчө-мамлекеттердеги шайлоону оптималдаштыруунун маанилүүлүгүн, анын ичинде кошумча шайлоо участокторун ачуу жолу менен оптималдаштырууну белгиледи.  

Миссиянын мүчөлөрү өтө турган иш-чаралардын жыйынтыгында, мониторинг тобу коомчулукка көз карандысыз калыс маалымат берерин баса белгилешти.

Кыргызстандын ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүү маселесине токтолуу менен Кыргызстан ЖККУнун ишине активдүү катышып жатканын, учурдагы чакырыктарга жана коопсуздукка коркунучтар менен күрөшүүнүн принциптери биздин өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарын жакындатууну жана ургалдаштырууну талап кылат деп белгиледи. Бул жаатта ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын натыйжалуу иштешине  чоң үмүт арттарын баса белгиледи.

Р.Казакбаев түздөн-түз өз элинин ишеними менен берилген  парламентария, ЖККУ тарабынан алдыга жылдырылып жаткан өнүгүүнүн актуалдуу тенденциялары менен бирге коопсуздукту бекемдөө идеясы максималдуу натыйжалуу болорун баса белгилөө менен, ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө Кыргызстан чоң маани берерин маалымдады.

Кыргыз Республикасы үчүн тынчтык жана биримдик абдан маанилүү деп баса белгиледи.

Аягында Р.Казакбаев жөнөкөй эмес өткөөл мезгилде Кыргызстанда болуп жаткан демократиялык процесстерге колдоо көрсөткөндүгү үчүн ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын байкоочуларынын миссиясынын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди жана ишине ийгиликтерди каалады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости