www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Америкага өлүм!”- көптөгөн жылдардан бери Иран калкынын урааны дал ушундай мүнөздө айтылып келет.

Иран менен АКШнын ортосундагы мамилелер 1979-жылы Ислам ыңкылабынан бери негизинен кастык мүнөздө болуп келген. Буга эмне себеп болгон? Эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин солгундашынын себебин аныктоо үчүн тарыхка көз жүгүртүү керек.

Чындыгында, тарых барактарын туура изилдеп, окуп чыга турган болсок Иран менен АКШнын мамилесинин солгундашы тээ 1952-жылда башталган. Ал учурда Улуу Британиянын экономикалык туруктуулугу абдан аксап турган учурда, Амрикалык “Time” журналы Ирандын ошол кездеги премьер-министри Мухаммед Мусаддыкты “Жылдын адамы” деп атаган. “Эмне болуптур, Ирандын жыл адамы менен Улуу Британиянын эмне байланышы бар?”- десеңиз жооп мындай: Дал ошол Ирандын премьер-министри Улуу Британиянын ал убактагы экономикасынын фундаменти катары, туруктуу булагы катары Ирандын мунай заты эсептелчү булагынан айырган. Бирок, Мусаддык премьер-министр болуп бийликке келгенден кийин, Ирандын оокаты Иранга калат деп, Улуу Британияга мунай затын экспорттоого тыюу салып, ал жерге мунай затын ташууга толугу менен бөгөт койгон.

Дал ушул окуядан кийин, Британиянын экономикасы катуу соккуга учурап, өлкө жарасын жалап отурган учурунда, АКШ Улуу Королдуктун душманы катары эсептелинип калган Ирандын премьер-министрин дүйнөдөгү жылдын адамы наамын бериши да саткындык катары белгиленген.

ХХ кылымдын башына кайтып баралы, ал убакта Ислам өлкөлөрүндө мунай заттары абдан чоң көлөмдө табылып жаткан учурунда Иран да артта калган эмес. Өлкө аймагында мунай заты мол санда табылып, өлкө экономикасына жакшы бир жылыш түзүлөөрү кутүлгөн.

Мындай жаңылыкты уккан Улуу Британиянын өкмөтү 1901-жылы жеке ишкер Уильям Нокс Д’Арсини Персиянын мунайзат ишмердүүлүгүнө инвестиция жасоого чакырат. Ал учурдагы Ирандын ошол кездеги шахы Музаффер аль-Диндин ортосунда ортомчу чыгып, кийинки 60 жыл ичинде Британиянын пайдалуу кен-заттарды казып алып өз өлкөсүнө алып кетүүгө эч бөгөт коюлбашы үчүн келишим түзүшкөн. Пайдалуу кен заттарын өлкөдөн чыгарууга берген уруксаты үчүн шах Музаффер аль-Дин 20.000 фунт стерлиг (3,1 миллион доллар) накталай, жана 20.000 фунт стерлингге бааланган баалу кагаздарга ээлик кылмак.

Д’Арси келишими Ирандын 60 жыл бою байлыктан да, эволюциядан да артка калуу себепкери катары тарыхта калды.

Ирандын тарыхында бул окуялардан кийин эмне болгонун, жана АКШ менен мамилеси эмнеге душмандыкка өтүп кеткенин төмөнкү видеодон көрө аласыздар.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости