www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп Twitter тармагы аккаунтун жаап салганда катуу жинденди

Twitter тармагы аккаунтун жаап салгандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп катуу кыжырланып, "өзүнөн чыгып кетти". Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Маалыматка ылайкы, Трамп баракчасынын иштебей калганын уккандан кийин катуу жинденип, башка варианттарды издей баштаган. Буга чейин Twitter зордук-зомбулукка чакырыктарды алдын алуу үчүн президенттин аккаунтун жаап салууга аргасыз экенин жарыялаган. Трамп Twitter анын оозун жаба албасын айтып чыккан, бирок бул публикациясы өчүрүлгөн. Көп өтпөй Трамптын штабынын баракчасына кызыл фондо Twitter компаниясынын логотиби жана орок-балка коюлган сүрөт жарыяланып, ага Трамптын жогоруда айтылган билдирүүсү кайра коюлган. Мындай аракеттен кийин баракча заматта өчүрүлгөн.

Кошумчалай кетсек, буга чейин деле Twitter, Facebook, Youtube жана Instagram Трамптын аккаунттарын убактылуу жаап келишкен. Анткени ал 6-октябрда Вашингтондогу башаламандык боюнча эки анжы оюн айтып келген. Бир жагынан Капитолий имаратын басып киргендерди тарап кетүүгө чакырса, экинчи жагынан аларды патриот деп атаган эле. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости