www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда ата-энесиниз калган ондон ашуун баланы алып келүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Чолумова билдиргенин «Азаттык» жазып чыкты.

Орусиянын «Центральный» деп аталган үй-бүлөлүк тарбияга көмөктөшүү борбору буга чейин Кыргызстандын Акыйкатчысына борбордогу бир баланы алып кетүү тууралуу кат жиберген.

Акыйкатчы Орусиядагы өкүлүн жиберип, бул борбордо 2019-2020-жылдары төрөлгөн кыргызстандык 7 наристе ата-энеси жок каралып жатканын аныктаган.

«Азыр бизге келип түшкөн ырасмий каттар боюнча Орусияда 6-7 бала эмес, ондон ашуун, он эки баланын документтери бар. Бирок, өкмөттүн атайын токтому менен жылына чет жактагы кароосуз калган балдарды кайтарып келүү үчүн атайын жол кире акысы бөлүнчү. Орусияга авиабилеттер быйыл өтө кымбат болгондуктан, быйылкы бюджетибиз 5-6 баланы эле алып келгенге жеткени жатат. Бирок балдарды алып келүүнү жакынкы арада ишке ашырууга аракеттенип жатабыз», - деди Чолумова.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, Орусия баштаган чет жактарда кароосуз калган кичинекей кыргызстандыктар алынып келинген эмес.

Орусия, Казакстан мамлекеттеринен кароосуз калган жыйырма бала 2019-жылы, он сегиз бала 2018-жылы, он алты бала 2017-жылы, ал эми он үч бала 2016-жылы Бишкекке алынып келинген болчу. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости