www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

CCTV+:

"Чжунгуанцун" форуму 25-29-апрель күндөрү Пекинде өтөт. Бул тууралуу 17-апрелде Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин басма сөз кызматы брифингде билдиргенин NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги маалымдады.

Алдыда боло турган форумдун темасы – “Жакшы дүйнө үчүн инновация”. Анын алкагында 120га жакын түрдүү иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

"Үч негизги өзгөчөлүгү бар- Биринчиден, изилдөөлөргө басым жасалат, анын ичинде жасалма интеллект, жашоо таануу, жаңы материалдар сыяктуу тармактарда. Бул конференцияларды өткөрүү жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялоо дегенди билдирет. Экинчиден, бул жерде илимий изилдөөлөргө басым жасалат. Жаңы технологиялар жашоого, анын ичинде таза энергетика жана саламаттыкты сактоо тармагына таасир этет, үчүнчүдөн, бул жерде ар кайсы өлкөлөрдүн өкмөттөрү, илимпоздору, ишкерлери жана инвесторлору менен диалог түзүү маанилүү», - деди Кытайдын илим жана технологиянын министринин орун басары Чен Цзячан.

Форумга дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн жана аймактарынан өкүлдөрдүн катышуусу күтүлүүдө. Алар технологияны өнүктүрүү, аны социалдык прогресске көмөк көрсөтүү үчүн колдонуу, адамдардын жашоо деңгээлин жогорулатуу, туруктуу өнүгүү жана башка темаларды талкуулашат.

Булак: NazarNewskg 

Последние новости