www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян жайкы дандын мол түшүмүн камсыз кылуу жана айыл чарбасын инновациялык өнүктүрүүгө көмөктөшүү аракетин көрүүгө чакырды.Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги билдирди.

22-майдан 23-майга чейин Хенань провинциясында (Борбордук Кытай) болгон илимий иш сапарында КПК Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мучесу Ли Цян да ушундай пикирин билдирди.
Синьсяң шаарындагы жогорку стандарттагы айыл чарба жерлерине барганда Кытай өкмөтүнүн башчысы райондор аралык механикалаштырылган оруп-жыюу, кырсыктын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, жайкы айдап себүү иштерине даярдык көрүү өңдүү багыттар боюнча аракеттерди көрүүгө чакырды.

Анын айтымында, дыйкандардын дан эгиндерин өстүрүүдөн тийиштүү киреше алуусун камсыздоо үчүн негизги кепилдиктер катары минималдуу сатып алуу бааларынын ролун аныктоо зарыл.
Сапардын жүрүшүндө Ли Цян улуттук үрөнчүлүк тармагындагы инновациялык борбордо, тамак-аш кайра иштетүүчү ишканада жана илимий изилдөө мекемесинде болду.

Үрөнчүлүк тармагында инновациялык аянтчаларды түзүүгө көмөктөшүү жана айыл чарба тармагындагы илимий кызматкерлерди колдоону күчөтүү зарыл, деди ал.
Алдынкы ишканалардын ролун кучетуу, буткул ендуруштук чынжырды комплекстуу енуктуруу, жергиликтуу езгечелуктер менен тамак-аш енер жайынын енугушун енуктуруу керек.

Ли Цян ошондой эле илимий-техникалык системаны реформалоону тереңдетүү биздин өзүбүздүн жогорку деңгээлдеги илимий-техникалык потенциалыбызды чыңдоонун маанилүү чарасы экенин баса белгиледи.

 

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости