www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын чыгышындагы Чжэцзян провинциясынын Ханчжоу шаарында 29-майдан 2-июнга чейин 20-Кытай эл аралык мультфильмдер жана анимация фестивалы өттү. 50 өлкөдөн жана аймактардан 2100дөн ашык компаниялар жана уюмдар катышты.Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги билдирди.

Ачылыш аземинде Орусиянын анимациялык кинолор ассоциациясы менен Кытайдын анимация ассоциациясы биринчи жолу кызматташуу келишимине кол коюшту. Мындан тышкары 15 ири москвалык студиянын үчөө менен кытайлык компаниялардын ортосунда кызматташуу боюнча документтерге кол коюлду.
Россия Федерациясынын Мультфильмдер ассоциациясынын аткаруучу директору Ирина Мастусованын айтымында, фестивалдын жыйынтыгы боюнча Орусия менен Кытайдын жеке студиялары дагы бир нече келишимдерге кол коюшуп, тараптардын мамилесин жаңы деңгээлге көтөрүшөт.

«Биз анимацияга тиешелүү бардык тармактарда кызматташууга кызыкдарбыз, атап айтканда, өндүрүш, биргелешкен продюсер жана дистрибьюцияда биз биргелешкен долбоорлорду ишке ашыра алабыз.Башкача айтканда, кытай жана орус анимация студиялары кызматташуунун формаларын табат. Чындыгында биз бул жакка келгенбиз. Быйылкы жыл Орусия менен Кытайдын ортосундагы достук жылы деп жарыяланды. Жана бул жыл Орусия менен Кытайдын ортосундагы маданияттын кайчылаш жылы болгону биз үчүн абдан маанилүү. Биз анимациялык программаларды көрсөтүү үчүн алмашуу программаларын түзүүнү пландап жатабыз – Кытайда орус анимация долбоорлорун жана Россияда кытай мультфильмдерин.
"Биз быйыл кол койгон кызматташуу келишими көп жылдык алмашууга негизделген. Биз анимация маданий алмашуунун абдан маанилүү жана жандуу элементи деп эсептейбиз. Биз институционалдык алмашууну жана кызматташтыкты түзүүнү каалайбыз, анимация адамдар аралык жана маданий алмашууда роль ойнойт.Эки тараптын алмашуу жана кызматташуу механизминин алкагында бизде орусиялык анимациялык компания жана кытайлык CCTV Animation студиясы тарабынан түзүлгөн “Панда жана Крош” мультфильми сыяктуу абдан жакшы кызматташуулар бар. Биз азыр бир катар кытайлык жана орусиялык анимация уюмдарынын ортосунда конкреттүү кызматташтыкты өнүктүрүүдө», - деди Кытайдын анимация ассоциациясынын төрагасы Ма Ли.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости