www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Тунис менен салттуу достукту улантууга, түрдүү тармактарда алмашууну жана кызматташтыкты тереңдетүүгө жана Кытай-Тунис мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарууга даяр. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы 31-майда Пекиндеги Элдик жыйындар залында тунистик кесиптеши Кайс Саид менен болгон жолугушууда билдирди.Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги билдирди.

«Президент Саид, биз сиздин Кытайга иш сапары менен келгениңизди жана Кытай-Араб кызматташтыгы форумунун 10-министрлер жыйынынын ачылыш аземине катышууңузду куттуктайбыз 2022-жылдагы Кытай-Араб саммитинен кийинки биздин биринчи жолугушуубуз», - деп белгиледи Кытай лидери жолугушуунун башында.
Бул жолугушуу кытай-тунис мамилелерине жана кытай-араб кызматташтыгына жаңы дем берет, деп ишенет Си Цзиньпин.

Быйыл Кытай менен Тунистин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 60 жыл толду. Жакында эки өлкөнүн лидерлери бири-бирине куттуктоо каттарын жөнөтүштү.
"60 жыл бою, эл аралык кырдаал кандай өзгөрбөсүн, Кытай менен Тунис бири-бирине ар дайым урмат-сый жана теңчилик менен мамиле жасап, бири-бирин колдоп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр кантип тилектештик көрсөтүп, бири-бирине жардам берип жатканы тууралуу күчтүү окуяларды жазып келишкен. Жаңы шарттарда Кытай Тунис менен салттуу достукту улантууга, түрдүү тармактарда алмашууну жана кызматташтыкты тереңдетүүгө жана Кытай-Тунис мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарууга даяр», - деп ишендирди Кытай лидери.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости