www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана башка партия менен өкмөт лидерлери коомчулуктун ар кыл чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен бирге 30-сентябрда эртең менен Пекиндеги Тяньаньмэнь аянтында курман болгон элдик баатырлардын элесине гүл коюу аземине катышты. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги билдирди.

Иш-чара Курман болгон Баатырларды эскерүү күнүнө карата быйыл жекшембиге туура келген улуттук майрам – Кытай Эл Республикасынын негизделген күнүнүн алдында өткөрүлдү.

Иш-чарага ошондой эле Ли Цян, Чжао Лэцзи, Ван Хунин, Цай Ци, Дин Сюэсян, Ли Си жана Хань Чжэн сыяктуу партия жана өкмөт жетекчилери катышты.

Аскердик оркестр курман болгон улуттук баатырларды эскерип, сурнай тартуулады.

Иш-чаранын бардык катышуучулары Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик гимнин ырдашты, андан кийин Кытай элинин боштондугу үчүн жана Кытай Эл Республикасын куруу үчүн 1-октябрь, 1949-жылы өз өмүрүн берген баатырларды бир мүнөт унчукпай эскерүү менен эскеришти.

Балдардын бир тобу “Биз коммунизмдин мурасчыларыбыз” деген кытайлык пионерлердин гимнин ырдашты, андан кийин ардактуу караул эл баатырларынын монументинин постаментине гул салынган себеттерди койду.

Си Цзиньпин себеттерге жазуулар түшүрүлгөн кызыл ленталарды түздөп, башка жогорку даражалуу партиялык жана өкмөттүк жетекчилер менен бирге Кытай Эл Республикасынын улуттук эстелигин айланып өттү.

Алардын артынан иш-чаранын башка катышуучулары да эстеликке гүл коюшту.

Эске сала кетсек, Эл баатырларынын эстелигинин пайдубалына алгачкы таш 1949-жылы 30-сентябрда Кытай Эл Республикасы жарыяланган күнүндө түптөлгөн. 2014-жылы Кытайдын жогорку мамлекеттик органы Кытайдын көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн өз өмүрүн курман кылгандарды эскерүү үчүн 30-сентябрды курман болгон баатырларды эскерүү күнү деп белгилеген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости