www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч аял Атазовдон мандатын тапшырууну талап кылышууда

Бүгүн, 10-июнда, Ак үйдүн жанында Бишкектин Свердлов районунун тургундарынын митинги өттү. Алардан тышкары, митингге журналист Махинур Ниязова, "Вечер трудного дня" программасынын алып баруучусу Айгүл Сторожук жана активист Умай Арыкова катышып, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдон мандатын тапшырууну талап кылышты.

Райондун тургуну, 24.kg маалымат агенттигинин редактору Махинур Ниязова Атазов бир гана аялдардын эмес, ар бир адамдын укугун тебелеген айрым "идеяларды" айтканы тургундарга жакпай турганын билдирди. "Ал райондун атынан депутат болуп, имиджибизди бузушун каалабайм. Мен ага добуш берген эмесмин, андыктан мандатын тапшырып, өз округуна кетсин", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, кечээ депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштагы кыз-келиндерди ата-энеси менен гана же турмушка чыккандан кийин чет өлкөгө чыгарууну сунуштап, бул билдирүүсү коомдо резонанс жараткан.

Митингдин экинчи катышуучусу Умай Арыкова мындай тыюу салуулар жеке өзүнө тийбестигин, бирок Атазовго окшогондордун айынан кыздардын конституциялык укуктарын бузуп коюшу мүмкүн экенин белгиледи. "Мен эне катары кызымдын билим алуусу үчүн чет өлкөдө окуусун каалайм. Конституцияда жаран 18 жаштан өткөн соң өз жашоосун каалагандай башкарууга укугу бар деп жазылган. Албетте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде", - деп билдирди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости