www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат талдоочу Марат Казакпаев №1 шаардык ооруканага “Тез жардам” менен эс учун жоготкон абалда жеткирилген. Бул тууралуу 9-июнда Акыйкатчынын кеңсеси билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Казакпаевдин жубайы жардам сурап, аларга 6-июнда кайрылган. Азыр Акыйкатчынын кеңсеси саясат талдоочуга медициналык жардам канчалык жеткиликтүү болгонун жана анын бөгөт чарасы эмне үчүн өз убагында өзгөртүлбөгөнүн териштирүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Казакпаев быйыл 27-апрелден 19-майга чейин Улуттук госпиталда дарыланып, кайра абакка жеткирилгени маалымдалды.

Саясат талдоочунун адвокаты Икрамидин Айткулов “Клооп” басылмасына билдиргендей, ал №1 ооруканага 9-июнда түшкөн, дарыгерлер анын мээсине кан куюлуп, инсульт болгонун, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулганын айткан. УКМК бул боюнча маалымат бере элек.

Казакпаев жана дагы бир адам мамлекетке чыккынчылык кылган деп шектелип, 2021-жылы апрель айында кармалган. Кылмыш иши Жазык кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси боюнча козголгон.

Мунун алдында Казакпаев www.aryba.kg сайтынын кабарчысы менен “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген аталышта маек курган. Айрым талдоочулар анын камалганын дал ушул маекке байланыштырган. Тергөөнүн материалдары жашыруун болгондуктан, сот жабык өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости