www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия күрөшүш керек, өзүн коргош керек, бул кылымдар бою болуп келген. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин жаш ишкерлер жана пионерлер менен жолугушууда өзүн орус императору Петр I-ге салыштырып билдирди.
"Биз өзүбүздү коргошубуз керек, күрөшүшүбүз керек экени түшүнүктүү. Азыр биз Улуу Пётрдун 350 жылдыгына арналган көргөзмөдө болдук. Дээрлик эч нерсе өзгөргөн жок. Бул жерде Петр I 21 жыл Түндүк согушун жүргүзүп келген. Ал Швеция менен күрөшкөн", - деди Путин.
Орусия Федерациясынын президенти коңшу мамлекетке каршы согуш жүргүзүүнүн максаты Петр I сыяктуу тарыхый жерлерди кайтарып алуу экенин белгиледи. Бирок Путин Украина менен болуп жаткан согуш тууралуу сөз кылган жок. "Сыягы, жерлерди кайтарып алуу жана ирилештирүү милдети бизге да жүктөлдү", - деди ал.
Булак: NazarNews.kg