www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Благовещенскини (Орусия) Кытайдын Хэйхэ шаары менен байланыштырган Амур дарыясы аркылуу өткөн эл аралык автокөпүрө менен эми жүк ташыла баштайт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ачылыш салтанаты Москва, Владивосток, Пекин, Благовещенск жана Хэйхэдеги студиялар аркылуу телеконференция форматында өткөрүлдү.

Ага Орусиянын вице-премьери Юрий Трутнев, Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьеринин орун басары Ху Чунхуа, Орусиянын транспорт министри Виталий Савельев жана Ыраакы Чыгыш менен Арктиканы өнүктүрүү министри Алексей Чекунков катышты.

"Азыркы экиге бөлүнгөн дүйнөдө Орусия менен Кытайдын ортосундагы Благовещенск — Хэйхэ көпүрөсү өзгөчө мааниге ээ. Бул Орусия менен Кытайдын элдерин бириктирген дагы бир жип болуп калат. Көпүрөнүн уникалдуулугу — долбоордун бюджеттик каражатсыз ишке ашырылганында. Бул көпүрөнү курууга мүмкүнчүлүк бергендердин баарына ыраазычылык билдиргим келет", — деди Трутнев.

Ал эми Кытайдын өкүлү Ху Чунхуанын айтымында, көпүрөнүн ачылышы эки өлкөнүн кызматташуу комплексин тереңдетүүгө даяр экендигин тастыктайт.

"Кытай тарап өтмөктү ишке киргизүү, логистикалык тейлөөнү жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга даяр. Биз биргелешип көпүрөнү достук жана кызматташтык көпүрөсүнө айландырабыз", — деди вице-премьер.

Биринчи жүк ташуучу катары суюлтулган газ менен иштеген "Газпром Гелиум Сервис" компаниясына таандык сегиз унаа жолго чыкты. Ал эми Кытай тараптан Орусияга автоунаалардын дөңгөлөктөрүн жана электр жабдууларынын тетиктерин ташыган унаалар кирди.

Амур аркылуу Благовещенск — Хэйхэ чек ара пунктунун курулушу 2016-жылдын декабрь айында башталган. Көпүрөнү 2020-жылдын ноябрь айында ачуу пландалган, бирок оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу объектини ишке киргизүү кийинкиге жылдырылган болчу.

Көпүрөнү курууга 19 миллиард рубль жумшалса, анын 14 миллиарды Орусиянын аймагындагы бөлүктүн курулушуна сарпталды. Көпүрөнүн узундугу 1 080 метрди түзөт. Техникалык тапшырмага ылайык, күнүнө 630 жүк ташуучу унаа, 164 автобус жана 68 жеңил машина өтө алат.

Последние новости