www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Крым өзүнүн жаңы макамга ээ болгонун жар салды

Украинанын түштүк тарабынын бошотулушу жана транспорттук каттамдардын жабылышы Крымга транзиттик аймак статусун алып келди. Бул тууралуу республиканын башчысынын маалымат саясаты боюнча кеңешчиси Олег Крючковго шилтеме берип РИА Новости жазды.

Буга чейин Крым менен Запорожье облусунун ортосунда Украина сегиз жыл мурда үзгөн жүк ташуучу темир жол байланышы кайра жанданган. Херсон облусу менен темир жол байланышын калыбына келтирүү да пландалууда. Ошол эле учурда Крым менен бошотулган аймактардын ортосунда жүк ташуулар башталды.

"Мындан ары Украина тараптан транспорттук блокада болбойт. Эми Крымда эки транспорттук артерия бар: чыгышында Крым көпүрөсү жана түндүгүндө бөгөлбөгөн авто жана темир жол. Мунун аркасы менен Крым биринчи жолу транзиттик аймак статусуна ээ болду", — деди Крючков.

Атайын операция учурунда Орусия аскерлери Украинанын түштүгүндөгү Херсон облусун жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алды. Аймактарда аскерий-граждандык башкармалыктар түзүлүп, рубль жүгүртүүгө киргизилди. Орусиялык телеканалдар менен радиостанциялар көрсөтүлө баштады. Ал эми Крым менен соода байланышы калыбына келтирилүүдө. Бул аймактар Орусиянын составына кирүү ниетин билдиришти.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости