www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28 жаштагы анжияндык келин, үч баланын энеси онлайн кумар оюнунда утулуп калгандыктан өз жанын кыйды. Бул тууралуу облустук прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Анжиян облусунун тургуну 1996-жылы туулган кызы 17-июль күнү кечке маал үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келгенин кабарлаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө келин Телеграм аркылуу үн жөнөтүп, ал онлайн-оюнда 15 миллион сум (болжол менен 1200 доллар) уттуруп койгонун, мындан улам өз жанын кыйгысы келгенин айтканы аныкталды.

Анын сөөгү 22-июлда каналдан табылган.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Кумар оюндарына катышып, ири суммадагы акчасын жоготуп алган эркектер өз жанын кыйган бир нече фактылар буга чейин катталган, бирок ушул себептен аял өз жанын кыйган учур биринчи жолу болду.

Последние новости