www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-ноябрда Бишкекте Садырбек, Камчыбек жана Ынтымакты төрөгөн Назира Жакыпова Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы үйүнө келди. Үч эмдин апасы менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

«Балдардын абалы жакшы. Буга чейин күйөөм экөөбүз тең иштеп келгенбиз, бирок тапкан каражатыбыз кийим-кечеге, тамак-ашка гана жетет. Үч эм төрөлгөнгө чейин төрт балабыз бар болчу.  Натыйжада биз 7 балабыз менен бир бөлмөлүү үйдө жашап жатабыз», - деди Назира.

Ал белгилегендей, эки уулуна президент Садыр Жапаровдун ,Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин атынан Садырбек жана Камчыбек ысымдарын ыйгарышты. Ал эми эки башчынын ортосундагы биримдиги үчүн 3-наристени Ынтымак деп аташкан.

Эскерте кетсек, Ысык-Көлдүк 41 жаштагы Назира Жакыпова менен 51 жаштагы Саадат Максүтовдун үй-бүлөсүндө 3 эм төрөлгөн. Наристелер Бишкек шаарындагы №6 клиникалык төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келишкен.

Булак: Turmush

 

Последние новости