www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Энергетика министрлигинин генерацияны жогорулатуу боюнча тапшырмасына ылайык эскирген ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул багытта Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери уланууда, ал жерде жаңы гидроагрегат орнотууга даярдык көрүлүүдө.
Долбоордун алкагында негизги жабдуулардын көпчүлүгү станциянын кампасына жеткирилген. Бүгүнкү күндө №2 гидроагрегат үчүн керектүү жабдуулардын 47,3 пайызы келип түшкөн.
Станцияда демонтаждоо жана даярдоо иштери да күчөтүлгөн. Атап айтканда, №2 гидроагрегатта турбинанын жумушчу дөңгөлөгүнүн камерасын демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошол эле учурда №1 гидроагрегатта турбинанын валын демонтаждоого даярдык көрүлүүдө,аны менен катар 10,5 кВ чыңалуудагы көмөкчү жабдууларды жана ток өткөргүчтөрдү демонтаждоо жүргүзүлүүдө. Бөлүнгөн жабдуулар станциянын кампаларына жеткирилет.
Учурда долбоорду ишке ашырууга 80ден ашуун адис тартылган.
Эскерте кетсек, Үч-Коргон ГЭСиндеги гидроагрегаттарды модернизациялоо иштери 2024-жылы башталган. Буга чейин станциянын №4 жана №3 гидроагрегаттары жаңыланып, пайдаланууга берилген.
2026-жылы бир эле учурда №1 жана №2 гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат, аны ушул жылдын аягына чейин аяктоо күтүлүүдө.
Эки гидроагрегатты модернизациялоо аяктагандан кийин станциянын орнотулган кубаттуулугу 198ден 216 МВтга чейин көбөйөт, ал эми негизги жабдуулардын иштөө мөөнөтү бир нече ондогон жылдарга узартылат.