www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан генерацияны көтөрүү багытында коюлган тапшырмага ылайык, эскилиги жеткен ири ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо иштери жургүзүлүүдө. 
Учурда «Электр станциялар» ААКна караштуу Үч-Коргон ГЭСинде эки гидроагрегатка бир учурда  модернизация  иштери жүргүзүлүүдө. Азыркы тапта  №2 гидроагрегатты демонтаждоо иштери 90%га аткарылды. Ал эми гидроагрегат №1 демонтаждоо жумуштары башталды. Учурда адистер эски жабдууларды толугу менен сыртка  алып чыгып, заманбап гидроагрегатты орнотууга даярдык көрүүдө. 

ГЭС төрт гидроагрегаттан турат, ар биринин баштапкы кубаттуулугу болжол менен 45 МВт. Жылына 800 миллиондон ашык кВт·саат электр энергиясын өндүрчү.
Ал эми УКГЭСине реконструкция бүткөндөн кийин гидроагрегаттын кубаттуулугу жогорулап, жалпы өндүрүш 180 МВттан 216 МВтка чейин  өсүп, жылына 984 Миллиондон ашык кВт·саат электр энергиясын өндүрот. Бул  Кыргызстандагы энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө чоң салым кошот.
Үч-Коргон ГЭСинде реконструкцияланып жаткан гидроагрегаттар 2026-жылдын соңуна чейин ишке киргизилет.

Маалымат катары: Үч-Коргон ГЭСи — өлкөнүн эң эски жана стратегиялык мааниге ээ гидроэлектростанциялардын бири. Ал Нарын дарыясынын боюнда жайгашып, 1962-жылы ишке берилген. Станция 60 жылдан ашык убакыттан бери үзгүлтүксүз иштеп, түштүк аймакты электр энергиясы менен камсыз кылып келүүдө.
Эски жабдуулар 30–35 жылдык эсептик мөөнөттөн эки эсе узак кызмат өтөгөн. Узак жылдар бою капиталдык реконструкция болбогондуктан, агрегаттар эскирген. Азыркы модернизация иштеринин жүрүшү станцияга “экинчи өмүрдү” берип, ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана натыйжалуулугун жогорулатат. Муну менен Үч-Коргон ГЭСи тарыхый мурас катары гана эмес, заманбап энергетикалык объект катары да өлкөнүн өнүгүшүнө кызмат кылууну улантат.
 

Последние новости