www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган террористтик жана диний-экстремисттик уюмдардын активдүү мүчөлөрүн аныктоо боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Буга байланыштуу, ушул жылдын 16-августунда «К.Х.Н.», «Р.К.Р», «М.Ф.М.» аттуу жарандар «ХТИ» «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» эл аралык террористик уюмунун жана «Жабхат ан-Нусра» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлүгүнө, тыюу салынган идеологиядан баш тартуусу туралуу түшүндүрүү жана алдын алуу чаралары көрүлгөн.
Натыйжада жогорудагы жарандар аталган уюмдардын радикалдык-экстремисттик жана террористтик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, өз ыктыяры менен мүчөлүктөн баш тартышкан.
Булак: NazarNews.kg