www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мындан 9 жыл мурун жасалган өзгөчө оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Талас облусунун Кара-Буура районунда болгон. 2014-жылдын декабрь айында М.С. аттуу жаран жалданып чабан болуп иштеп жүрүп ооруунун кесепетинен каза болду деп айтылган.

Милиция кызматкерлери болгон окуя боюнча маалыматтарды иликтеп, ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп, М.С. аттуу жарандын өлүмү боюнча шек пайда болгон. Шек жараткан учурларды текшерүү учурунда каза болгон адам киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган.

Такталган маалымат боюнча, маркум М.С. жалданма чабан болуп иштеп жүргөн жана ошол күнү үйдүн ээси жана башка адамдар менен спирт ичимдиктерин ичип олтуруп, пикир келишпестиктен улам чыр-чатак чыгып, аны сабап өлтүрүп алган. Кылмыштын изин жашыруу максатында өлгөндүгү тууралуу жасалма тактама жаздырып, маркум төрөлгөн Нарын облусуна жөнөтүшкөндүгү белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча КЖКнын 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, У.А. атуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости